АХМАДАЛИЕВ Тулкунжан Курбанович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:48, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Mariya (Mariya moved page АХМАДАЛИЕВ to АХМАДАЛИЕВ Тулкунжан Курбанович) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АХМАДАЛИЕВ (Адали) Тулкунжан Курбанович (17. 4. 1941-ж. т., Өзбекстан, Фергана обл., Маргелан ш.) ‒ артист, КРдин эл арт. (2000). А. Н. Островский атындагы Ташкент театр, искусствосу институтун бүтүргөн (1968). Астрахань, Кострома, Ижевск шаарларынын театрларында 1981-жылдан Н. К. Крупская атындагы орус драма театрында иштеген. Т. Ахмадалиевдин Бишкектеги орус драма театрынын сахнасында ойногон белгилүү ролдору: Поручик Дуб (Я. Гашек, «Кайраттуу солдат Швейк»), Красавин (С. Найден, «Ванюшиндин балдары»), Акмат (М. Тойбаев, «Биринчи салгылаш»), Эрназар (Ч. Айтматов, «Кыямат»), Дулебов (А. Островский, «Таланттар жана таазим этүүчүлөр»), Беранже(Э. Ионеско, «Кериктер»), Виктор Беласко (Н. Саймон, «Паркта жылаӊаяк») ж. б. Япон классиги Кобо Абэнин «Достор» пьесасынан

Файл:АХМАДАЛИЕВ68.png

атанын ролун ойноп, россиялык сынчылардын жогорку баасына татыктуу болгон. Т. Ахмадалиев режиссёр катары В. Скоропись менен бирге «Французча ажырашуу», «Кадриль», «Чынгызхандын купуя сыры» спектаклдерин койгон.