АХМАДАБАД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:55, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АХМАДАБАД, А х м е д а б а д ‒ Индиядагы шаар. Батыш Индиянын маанилүү өнөр жай жана соода борбору. Сабармати дарыясынын боюнда жайгашкан. Гужарат штатында. 1411-жылы негизделген. Калкы 5,6 млн (2011). Жолдор тоому. Текстиль өнөр жайынын (кебезден жип ийрүү жана токуу, жасалма жибек) ири борбору. Металл иштетүү, химиялык, булгаары, ширеӊке өнөр жайы бар. Кустардык жол менен парча, жибек токуп чыгаруу, зер жана лак буюмдарын жасоо, көркөм оймо түшүрүү өнүккөн. Гужарат университети, триумфалдуу Тин-Дарваза дарбазасы (15-кылым), Рани-Сипри мечити күмбөзү менен (1514-жылы курулуп бүткөн) сакталган.