АХИЛЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:07, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 , А х и л л е с — грек мифологиясындагы Троя согушунун башкы каарманы, Троя ш-н багындырууга барган грек баатыры. А. тууралуу мифтердин биринде, анын энеси — деӊиз кудайы Фетида уулун өлбөс кылуу үчүн жер астындагы Стикс суусуна түшүрөт. Согончогунан кармап сууга салгандыктан, касиеттүү сууга тийбей калган согончогу анын денесинин талылуу жерине айланат. А. Троя согушунда баатырларча кармашып, эч ким жеӊе албай, акырында Паристин аткан жебесин Аполлон анын

дал согончогуна багыттап, ошондон курман болот. Ушундан улам «ахиллестин согончогу», б. а. «талылуу жер» деген түшүнүк келип чыккан. Анын образы «Илиада» поэмасында кеӊири чагылдырылып, А. культу Элида, Спарта, Түн. Кара деӊиз боюнда кеӊири тараган.