АХВАЗ НЕФТЬ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:54, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АХВАЗ НЕФТЬ КЕНИ ‒ нефтинин дүйнөдөгү ири кендеринин бири. Ирандагы Ахваз шаарына жакын жайгашкан. 1958-жылы ачылып, ошондон бери казылып алынууда. Кен Перс булуӊу нефть-газ бассейнине кирет. Нефть-газдуу аймактын аянты 400 км2ден ашат. Нефть-газ антиклиналдык бүктөлүүдөгү олигоцен ‒ төмөнкү миоцендин кумдук жана жогорку бордун акиташ тегине топтолгон. Алар 2485‒3660 м тереӊдикте жатат. Нефть жана газ негизинен калыӊдыгы 200 м келген кумдуктан казып алынат. Нефтилүү тоо тектер тегиз эмес кабат түрүндө жайгашып, анын үстүнө газ топтолгон. Нефтинин тыгыздыгы 865‒901 кг/м3, күкүрт 1,5%. Нефтинин баштапкы чыгарып алуу запасы 2400 млн т, газдыкы 311млрд м3.