АХВАЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:15, 26 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АХВАЗ ‒ Ирандын түштүк-батышындагы шаар. Хузестан останынын (администрациялык-аймактык бирдик) администрациялык борбору. Карун дарыясынын боюнда, Месопотамия ойдуӊунун түштүк-чыгышында жайгашкан. Калкы 1 309 000 (2024). Жолдор тоому. Дарыя порту. Иран ханы Ардашир I (224‒241) шаарды кайра курдуруп, Ормузд-Ардашир атаган. 500-жылдар чамасында шаар несториан епискобунун резиденциясы болгон; 640-жылы араб мусулмандары басып алып, Сук-аль-Ахваз атаган. 19-кылымда Насерия, 20-кылымдан азыркыдай аталат. 1980‒1988-жылдары Иран ‒ Ирак согушундагы салгылашуунун чордону болгон. Шахид-Чамран университети (1955-жылдан), медициналык университет (1988), техникалык ЖОЖдор бар. Тамак-аш, текстиль, химиялык, металлургия, машина куруу өнөр жайлары иштейт. Ахваз ‒ нефть өнөр жайынын уюштуруу борбору. Шаардын түндүгүндө ири Ахваз нефть кени жайгашкан. Шаар аркылуу Тегеранга нефть кууру өтөт.