АФРОДИТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:46, 26 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АФРОДИТА ‒ грек мифологиясындагы сүйүүнүн жана сулуулуктун пири; Зевс менен Дионанын кызы (дагы бир мифтик вариант боюнча деӊиз толкундарынын көбүгүнөн жаралган). Афродитанын түбөлүк жаштыгы, жандуу образы биздин заманга чейин 1-кылымда римдик акын Лукрецийдин «Заттардын табияты жөнүндө» поэмасында таасын чагылдырылган. Аны түбөлүк жаздын жана жашоонун, түшүмдүүлүктүн, ошондой эле никенин, төрөттүн пири катары да кабылдашкан. Мифология боюнча махабатка туш болгон кудайлар жана бардык адамдар Афродитанын бийлигине багынышкан. Гомер боюнча ага Афина, Артемида жана Гестия гана баш ийген эмес. Афродитанын күйөөсү колунан көөрү төгүлгөн темир уста, бирок кебетеси суук Гефест кудай болгон. Кифер аралында, Афиныдагы акрополунда Афродитага храмдар, ошондой эле Грекиянын башка аймактарында, өзгөчө Кичи Азияда, Сирияда табынуучу

Файл:АФРОДИТА65.png
Венера Милосская. Мрамор. биздин заманга чейинки 130‒120-жылдар, Париж, Лувр.

ыйык жайлар курулган. Финикиялык Аспартага, ассирия-вавилондук Иштар жана египеттик Исидага окшоштурулат. Римдиктер аны Венера деп аташкан. Афродитанын антикалык көркөм-сүрөт искусствосунда А. Книдская (биздин заманга чейин 4-кылым), Афродита (Венера) Милосская (биздин заманга чейин 2-кылым) статуялары кеӊири белгилүү.