АФОНИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:07, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(а… ж-а гр. phone ‒ добуш, үн) ‒ үндүн бүтүшү ж-а чыкпай калышы. Ар кандай оорулардын белгиси болушу мүмкүн. Ал тамак ооруларында (шишик, жырык ж. б.) алкым бүктөөлөрү толук бирикпей, жакшы кыймылдаба гандан болот. Ага ар кандай урунууда (травма), калкан безине операция жасаганда, өпкө, калкан бези, көкүрөк органдары, кекиртектин, кызыл өӊгөчтүн шишик ооруларында, өнөкөт ларингитте, о. эле төмөнкү тамак нервинин шал болушунда, толто кеӊейип (аневризма) төмөнкү алкым нервин кысып калганда, нервдин уулануусунан же грипп ж-а вирус инфекциясынын кабылдоосунан пайда болот. Кээде психикалык травма да түрткү берет. Дарылоо ооруну пайда кылган себептерге жараша жүргүзүлөт.