АФЛАТУН (АВЛЕТИМ) ЭСТЕЛИКТЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:21, 26 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АФЛАТУН (АВЛЕТИМ) ЭСТЕЛИКТЕРИ‒ биздин заманга чейинки VI кылым ‒ биздин замандын XII кылымына таандык кыштак, шаар калдыгы, байыркы көрүстөндөр, ар кандай өлчөмдөгү коргондор менен курчалган археологиялык эстеликтер тобу. Бул эстеликтер Жалал-Абад облусундагы Аксы аймагынын Авлетим кыштагынан табылган. Соӊку кездеги археологиялык чалгындар жана курулуш иштеринин натыйжасында көп бөлүгү бузулуп калган. Афлатун эстелигин алгач А. Н. Бернштам (1947), кийин А. Кибиров (1950) изилдешкен.

                                                                                                                              Д. Ф. Винник.