АФИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:58, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АФИНА, А ф и н а П а л л а д а ‒ байыркы грек мифологиясындагы акылмандык жана адилет согуштун пири. Миф б-ча А. туулга, соотчон Зевстин башынан чыккан. Ал Афины ш-нын колдоочусу катары эсептелген жана анын урматына Панафиней майрамы өткөрүлүп турган.

Файл:АФИНА54.png
«Найзага сүйөнгөн Афина». Афины акрополуна тартылган сүрөт. Мрамор. б. з. ч. 460-ж. Акрополь музейи.

Гомердин чыгармаларында, айрыкча «Одиссеясында» А-нын акылдуу жана эр жүрөк Одиссейди, о.эле грек-ахейлерди өзгөчө колдогондугу, троялыктардын душманы катары айтылат. Анын Афины мамлекетинин акылман пири экендиги Эсхилдин «Эвмениддер» трагедиясын да чагылдырылган. Римдиктер А-ны Минерва деп аташкан.