АФАКИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:56, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АФАКИЯ (а... жана гр. phakos ‒ оптикалык айнек) ‒ көз чечекейинин жоктугу. А. көз оор майып болгондо, кээде операциядан кийин, о. эле чанда тубаса болушу да мүмкүн. Анын натыйжасында көздүн жарык нурун сындыруу кубаты (рефракция) кескин өзгөрүлүп, көрүү начарлайт жана аккомадация жоголот. А-да томпок көз айнек же линза кийип көздүн көрүүсүн жакшыртууга болот.