АФАКИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:24, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АФАКИЯ (а... ж-а гр. phakos ‒ оптикалык айнек) ‒ көз чечекейинин жоктугу. А. көз оор майып болгондо, кээде операциядан кийин, о. эле чанда тубаса болушу да мүмкүн. Анын натыйжасында көздүн жарык нурун сындыруу кубаты (рефракция) кескин өзгөрүлүп, көрүү начарлайт ж-а аккомадация жоголот. А-да томпок көз айнек же линза кийип көздүн көрүүсүн жакшыртууга болот.