АУТОГЕНДИК КӨНҮГҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:52, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АУТОГЕНДИК КӨНҮГҮҮ (гр. autogenes ‒ өзү чыгаруу) ‒ стресстин таасиринен бузулган организмдин булчуӊдарын максималдуу бошоӊдотуу жана өзүн-өзү ишендирүү менен дарылануучу психотерапиялык ыкма. Аны немец окумуштуусу И. Шульц сунуш кылган (1932). СССРде М. С. Лебединский (1963) тарабынан жакшыртылган. Аутогендик көнүгүүнү өзүнчө же дары-дармектер менен өз денесинде жылуулукту сезүү, колу-бутунун булчуӊ эттерин өз эркинче бошотуу, өзүн-өзү тынчтандыруу, дарылоонун ийгиликтүү болушуна ишенүүгө көндүрөт. Нерв системасынын иши бузулганда Аутогендик көнүгүүнү өзүнчө же дары-дармектер менен аралаш жүргүзсө натыйжалуу болот. Аутогендик көнүгүү ыкмаларын жакшы билген спортчу старт алдындагы толкунданып-калтыроодон оӊой кутулат.