АУСКУЛЬТАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 25 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АУСКУЛЬТА́ЦИЯ (лат. auscultatio ‒ тыӊшоо) ‒ адамдын органдарынан (өпкө, жүрөк, кан тамыр ж. б.) чыккан добушту тыӊшоого негизделген дарыгерлик изилдөө ыкмасы. Биздин заманга чейин 2-кылымдарда грек дарыгери Аретей жүрөктү 1-жолу тыӊшаган, ал эми француз дарыгери Р. Лаэннек (1819) стетоскопту (медициналык түтүк) колдонуп, Аускультация методун иштеп чыккан. Дени соо адам дем алганда өпкөдөн өзгөчө добуш угулат. Ал эми өпкө жана бронх сезгенгенде нымдуу же кургак кырылдаган добуш чыгат. Жүрөктүн кадимки добушунун өзгөрүшү же андагы шуулдоо жүрөктө түрдүү оорунун пайда болгонун билгизет. Кан тамырлар артериялык кан басымын өлчөөдө тыӊшалат. Курсакты түздөн-түз (денеге кулакты такап) же кыйыр (стетоскоп же фонендоскоптун жардамы менен) тыӊшап ичеги-карындын жыйрылуусун, ошондой эле жатындагы баланын жүрөгүнүн сокконун аныктоого болот.