АУРАНГАБАД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:09, 28 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan (Temirkan moved page АУРАНГАБ АД to АУРАНГАБАД) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АУРАНГАБ АД‒ Индиянын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Махараштра штатында. Калкы 1,2 млн (2011). Декан бөксө тоосунун түндүк-батышында жайгашкан. Алгач Кхирхи (санскритче ‒ «терезе») аталып, 1610-жылы негизделген. Азыркыча Улуу Моголдордун акыркы императору Аурангзебдин урматына аталган. 17-кылымдын архитектуралык эстеликтери (анын ичинде Биби-ка-Макбара мавзолейи, Шах-Ганж мечити) сакталган. Шаарга жакын Аурангзебдин күмбөзү жайгашкан. Кебез жана жибек кездемени кол менен токуучу өндүрүшү иштейт. Туристтик борбор. Ажанте жана Эллор храмдарына маршруттар Аурангабаддан башталат.
Р. Карачалова.