АУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:52, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АУК (тажикче аук ‒ чакан суу маанисинде) ‒ Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Кеӊеш айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 7 км түндүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 36 км. 1932-жылы негизделген. Деӊиз деӊгээлинен 795 м бийиктикте. Калкы 3 262 (2022); негизинен тамекичиликте жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, амбулатория, маданият үйү ж. б. бар.