АУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:07, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(тажикче аук ‒ чакан суу маанисинде) ‒ Жалал-Абад обл-нун Базар-Коргон р-ндагы кыштак. Кеӊеш айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Базар-Коргон кыш-нан 7 км түн. тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 36 км. 1932-ж негизделген. Деӊиз деӊг. 795 м бийиктикте. Калкы 2504 (2002); негизинен тамекичи ликте ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, амбулатория, мад-т үйү ж. б. бар.