АУДИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:51, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АУДИТ (лат. auditus ‒ угуу) ‒ субъекттердин чарба жүргүзүүдөгү финансылык эсеп-кысабынын аудиторлор жана аудитордук уюмдар тарабынан көз каранды эмес экспертизасы жана анализи. Аудит тышкы (көз карандысыз), чарбалык субъекттин каалоосу, койгон шарттары боюнча түзүлгөн ички (ведомстволук), милдеттүү (мыйзамда алдын ала каралган учурларда жүргүзүлүүчү) жана демилгелүү (чарбалык субъекттердин же менчик ээсинин чечими боюнча түзүлгөн) болушу мүмкүн.