АУБАКИРОВ Маннаф

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 26 Март (Жалган куран) 2024 карата imported>Temirkan (Temirkan moved page АУБАКИРОВ Маанаф to АУБАКИРОВ Маннаф) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АУБАКИРОВ Маннаф (1925, Чыгыш Казакстан облусу, Зайсан шаары‒ 1945, Германия) ‒ Даӊк орденинин толук кавалери. Советтик Армияга 1943-жылы мартта Кыргыз ССРинин Кочкор райондук аскер комиссариаты тарабынан чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушка Степной, 1-Беларус жана 2-Прибалтика фронтторунун курамында замбиректин командири болуп катышкан.

Файл:АУБАКИРОВ43.png

Курск салгылашуусунда, Пулавск плацдармында жана душмандын Варшава ‒ Радомск топторун талкалоодогу эрдиги үчүн 3-даражадагы (25. 8. 1944), Нова-Валя кыштагын бошотуудагы эрдиги үчүн 2-даражадагы (17. 2. 1945) Даӊк орденин алган. 1945-жылы Берлин операциясына катышып, Лебус шаарына (Германия) жакын жердеги урушта курман болгон. Ошондогу каармандыгы үчүн кийин 1-даражадагы Даӊк ордени менен сыйланган (15. 5. 1946). Баатыр жоокердин сөөгү Франкфурт-на-Одердеги Шторков шаарынын четине коюлган.