АТТОКУРОВ Сабыр

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:39, 25 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТТОКУРОВ Сабыр (08. 04. 1932, Нарын облусу, Жумгал району, Лама айылы ‒ 02. 01. 2005, Бишкек) ‒ тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1969), профессор (1971). КРдин илимге эмгек сиӊирген ишмери (2000). 1953-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун тарых факультетин бүтүргөн. 1956‒1986-жылдарда КМУнун тарых факультетинде окутуучу, доцент, деканы, кафедра башчысы, профессор. 1986‒1993-жылдарда КР УИАнын тарых институтунда жетектөөчү илимий кызматкер, 1993‒2005-жылдарда бөлүм башчы болуп иштеген. 200дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 10 монография) автору. Эмгектери негизинен Кыргызстандын өнөр жайын, ошондой эле кыргыз элинин этнографиясын изилдөөгө арналган. Анын «Тайлак баатыр» (1994), «Тагай бий» (1994), «Кыргыз санжырасы» (1995), «Кыргыз этнографиясынын тарыхнаамасы» (1996) жана башка китептери жарык көргөн.