АТТИШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:37, 25 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТТИШ, к ы ч к а ч, а т к ы ч к а ч, к а м б а р к ы ч к а ч ‒ мык жана башка сууручу аспап. Эки жаагы бири-бирине кадоо аркылуу кайчылаша бириктирилип, бирөөнүн баш жагы колго илинбеген буюмдарды чымчыгыдай ичин карай ийилип, экинчи жагы кармаганга ылайыкталып, түз жумуру темирден жасалат. Ал негизинен устачылыкта, зергерчиликте жана үй-тиричилигинде кеӊири колдонулат. Аттиштин башка түрүн кемпирооз деп аташат.

                                                                                                                      С. Искакбаев.