АТТИШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТТИШ, к ы ч к а ч, а т к ы ч к а ч, к а м б а р к ы ч к а ч ‒ мык ж. б. сууручу аспап. Эки жаагы бири-бирине кадоо аркылуу кайчылаша бириктирилип, бирөөнүн баш жагы колго илинбеген буюмдарды чымчыгыдай ичин карай ийилип, экинчи жагы кармаганга ылайыкталып, түз жумуру темирден жасалат. Ал негизинен устачылыкта, зергерчиликте жана үй-тиричилигинде кеӊири колдонулат. Аттиштин башка түрүн кемпирооз деп аташат.

                                                                                                                      С. Искакбаев.