АТРИБУТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТРИБУТ а р х и т е к т у р а д а (лат. attributum – бир нерсеге таандык касиет) – көркөм искусство тарыхында – көркөм чыгарманын тигил же бул кейипкерине таандык айырмалоо белгиси жана ушул гана нерсеге таандык, аны менен байланыштуу буюм, касиет, кыймыл. Атрибут мифологиялык жана диний темаларда жазылган чыгармаларда көбүрөөк кездешет (мисалы, Нептун дайыма үч тиштүү найза менен, Ыйык Цецилия орган менен сүрөттөлөт). Мындай чыгармалардын сюжетин аныктоодо атрибут көп учурда негизги каражаттардын бири болгон.