АТРЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:40, 19 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТРЕК ‒ Иран менен Түркмөнстандагы дарыя (айрым жери Иран менен Түркмөнстандын чек арасы аркылуу агат). Узундугу 669 км, алабынын аянты (тоолуу бөлүгү) 27,3 миӊ км2. Копетдагдан (Иран) башталып, Каспий деӊизине (суу кирген мезгилде гана) куят. Негизги куймасы ‒ Сумбар (оӊ). Суусунун орточо чыгымы Кызыл-Атрек шаарчасынын тушунда 9,2 м3/сек. Сугатка пайдаланылат.