АТООЧТУК СӨЗ АЙКАШТАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 25 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТООЧТУК СӨЗ АЙКАШТАРЫ ‒ багындыруучу (негизги) түгөйү (компоненти) көбүнчө зат атоочтордон, аз да болсо сын атооч, сан атооч, ат атооч, тактоочтордон болгон сөз айкаштары (мисалы, алтын шакек, жүзүмдүн ширеси, элге жакшы, окуучулардан бешөө, түшүмгө мол, келгендердин кимиси). Атоочтук сөз айкаштарынын багыныӊкы түгөйүнүн кызматында сын атооч, сан атооч, зат атооч, ат атооч, тактоочтор, тууранды сөздөр, атоочтуктар болуп, багындыруучу түгөйдүн ар түрдүү белгилерин көрсөтөт (мисалы, жашыл талаа, жыйырма бала, жыгач күрөк жана башка). Атоочтук сөз айкаштарынын түгөйлөрү өз ара ыкташуу, таандык байланыш жана башкаруу жолу менен байланышат.