АТООЧТУК СӨЗ АЙКАШТАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:41, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТООЧТУК СӨЗ АЙКАШТАРЫ ‒ багындыруучу (негизги) түгөйү (компоненти) көбүнчө зат атоочтордон, аз да болсо сын атооч, сан атооч, ат атооч, тактоочтордон болгон сөз айкаштары (мис., алтын шакек, жүзүмдүн ширеси, элге жакшы, окуучулардан бешөө, түшүмгө мол, келгендердин кимиси). Атоочтук сөз айкаштарынын багыныӊкы түгөйүнүн кызматында сын атооч, сан атооч, зат атооч, ат атооч, тактоочтор, тууранды сөздөр, атоочтуктар болуп, багындыруучу түгөйдүн ар түрдүү белгилерин көрсөтөт (мис., жашыл талаа, жыйырма бала, жыгач күрөк ж. б.). Атоочтук сөз айкаштарынын түгөйлөрү өз ара ыкташуу, таандык байланыш жана башкаруу жолу менен байланышат.