АТООЧТУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:23, 25 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТООЧТУК ‒ этиштин кыймыл-аракетти заттын белгиси, касиети катары көрсөтүп, грамматикалык жактан этиштик да, атоочтук (зат, сын) да маанини туюнтуп, сүйлөмдө баш жана айкындооч мүчөлөрдүн милдетин аткаруучу формасы. Ал этиштик негизге ‒ган, ‒ар, ‒бас, ‒оочу/уучу, ‒а, е, й + элек, ‒гыс жана башка мүчөлөрдүн жалганышы аркылуу жасалат (мисалы, Бийик өскөн гүл. Бирөө билгенди бирөө билбейт. Айыгар дарттын дабасы өзү табылат).

С. Мусаев.