АТОМДУК НОМЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:52, 25 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТОМДУК НОМЕР, к а т а р н о м е р ‒ элементтердин мезгилдик системасындагы химиялык элементтердин катар номери. Атомдук номер атом ядросунун протондорунун санына, ал өз кезегинде нейтралдуу атомдун электрондук санына барабар. Ал атомдун физикалык жана химиялык касиеттерин аныктайт. Д. И. Менделеевдин мезгилдик законунун азыркы кездеги аныктамасына ылайык элементтердин жана анын бирикмелеринин касиеттери алардын атомдорунун заряддарына (катар номерине) мезгилдүү көз каранды.