АТОМДУК НОМЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:59, 27 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТОМДУК НОМЕР, к а т а р н о м е р ‒ элементтердин мезгилдик системасындагы химиялык элементтердин катар номери. Атомдук номер атом ядросунун протондорунун санына, ал өз кезегинде нейтралдуу атомдун электрондук санына барабар. Ал атомдун физикалык жана химиялык касиеттерин аныктайт. Д. И. Менделеевдин мезгилдик законунун азыркы кездеги аныктамасына ылайык элементтердин жана анын бирикмелеринин касиеттери алардын атомдорунун заряддарына (катар номерине) мезгилдүү көз каранды.