АТОМ РАДИУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:49, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТОМ РАДИУСУ ‒ молекуладагы жана кристаллдагы атомдор (ядролор) ортосундагы аралыкты болжолдуу ченөөгө мүмкүндүк берүүчү чоӊдук. Ал ангстрем (Е) менен өлчөнөт (1Е =10‒8 см). Кристаллдардын ички түзүлүшү жана тышкы формасы атом жана ион радиустарына көз каранды. Атом радиусу металлдык жана коваленттик болуп бөлүнөт. Металлдык радиус үчүн элементтердин кристаллдык түзүлүшүндөгү атомдордун эӊ кыска аралыгынын жарымы алынат. Коваленттик радиус металл эместердин молекулаларындагы бир байланышынын узундугунун жарымына барабар. Кристаллдык химияда мааниси өтө чоӊ.