АТОМ РАДИУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:53, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТОМ РАДИУСУ ‒ молекуладагы жана кристаллдагы атомдор (ядролор) ортосундагы аралыкты болжолдуу ченөөгө мүмкүндүк берүүчү чоӊдук. Ал ангстрем (Е) менен өлчөнөт (1Е =10‒8 см). Кристаллдардын ички түзүлүшү жана тышкы формасы атом жана ион радиустарына көз каранды. А.р. металлдык жана коваленттик болуп бөлүнөт. Металлдык радиус үчүн элементтердин кристаллдык түзүлүшүндөгү атомдордун эӊ кыска аралыгынын жарымы алынат. Коваленттик радиус металл эместердин молекулаларындагы бир байланышынын узундугунун жарымына барабар. Кристаллдык химияда мааниси өтө чоӊ.