АТМОСФЕРАНЫ САНИТАРИЯЛЫК КОРГОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:00, 27 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТМОСФЕРАНЫ САНИТАРИЯЛЫК КОРГОО‒ калк жашаган аймактагы абаны зыяндуу заттардан коргоого багытталган мыйзамдуу, санитардык-техникалык жана уюштуруу чаралары. Ал абанын булгануу себептерин изилдөөгө, ага каршы күрөшүүгө, анын организмге терс таасирин жоюуга, санитардык норматив түзүүгө багытталат. Абаны санитардык коргоонун комплекстүү чараларына төмөнкүлөр кирет: өндүрүштө калдыксыз жана аз калдыктуу технологияларды колдонуу; калк отурукташкан жер менен өнөр жай аралыгында коргоо зонасын сактоо, өнөр жай ишканаларын курууда жердин жана жергиликтүү климат шарттарын эске алып, туура жайгаштыруу; калк отурукташкан жерди туура пландаштыруу жана жашылдандыруу; өнөр жай өндүрүш процессинде бөлүнүп чыгуучу зыяндуу заттарды абага таратпай чыпкалоочу жабдыктарды орнотуу, өндүрүш ишканаларын, турак жайларды электрлештирүү жана газдаштыруу, бензин, дизель менен жүрүүчү машиналарды электромобиль, троллейбус менен алмаштыруу ж. б. Атмосфералык абанын тазалыгына, ошондой эле тазалооочу жабдыктардын иштешине, зыяндуу заттардын абадагы концентрациясы гигиеналык чектелген нормативден ашпоосуна санитардык-эпидемиологиялык кызмат көзөмөл жүргүзөт.