АТМОСФЕРАДАГЫ СУУ БУУСУНУН КОНДЕНСАЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:43, 27 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТМОСФЕРАДАГЫ СУУ БУУСУНУН КОНДЕНСАЦИЯСЫ‒ абадагы суу бууларынын суюктукка (тамчыга) айланышы. Ал суу буусуна каныккан абанын муздак заттарга тийишинен пайда болот. Таштарда, дубалдарда, бак-дарактарда же аба конденсациясынын ядролорунда көп байкалат. Атмосферадагы суу буусунун конденсациясы буунун серпилгичтигине, температурасына, электр зарядына, тамчынын өлчөмү менен химиялык курамына байланыштуу. Атмосферада конденсация ядролору бууга айланган туздардан, метеориттердин күйүшүнөн, токойлордун өрттөнүшүнөн, түтүндөрдөн, космостук чаӊдардан, бактериялардан ж. б-дан пайда болот. Конденсациясынын негизинде атмосферада булуттар, тумандар, жаан-чачындар, жер бетинде шүүдүрүм, бубак, кыроо ж. б. келип чыгат.