АТМОСФЕРАДАГЫ ЖЫЛУУЛУК АЛМАШУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:07, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 ‒ атмосферадагы жылуулуктун тик ж-а горизон таль багыт б-ча алмашуу процесси. Мында абанын жылуу катмарларынан чыккан агым, анын муздак катмарларына карай жылып, абанын кошулуусунан темп-ра өзгөрөт. Бул катмардын темп-ралык айырмасы канчалык чоӊ болсо, А. ж. а. ошончолук тез жүрөт. Күндүн радиациясы, космостон келген ж-а жерден чыккан жылуулуктар ‒ атм-дагы жылуулуктун негизги булагы. А. ж. а. негизинен турбуленттүү лүктүн жардамы м-н атм-нын жерге чектеш катмарына жылуулуктун өтүшү, күндүн радиация сынын таралышы, суунун бууга айланышы ж-а атм-дагы суу буусунун конденсацияланы шы м-н сублимацияланышынан бөлүнүп чыккан жылуулуктун натыйжасында болот.