АТМОСФЕРА ОЗОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:39, 19 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТМОСФЕРА ОЗОНУ, о з о н о с ф е р а ‒ абадагы кычкылтектин өзгөрүшүнөн пайда болуп, атмосферанын курамына кирүүчү газ. Жерге чектеш атмосферада озон аз болот да, 20‒35 кмден 70 кмге чейинки бийиктикте көбөйүп, өзүнчө озоносфера катмарын түзөт. Атмосфера озону күн радиациясынын 4%ин сиӊирип турат. Ал ультракызгылт көк нурларды жана жерден көтөрүлгөн жылуулукту өткөрбөйт. Ошондуктан атмосфералык процесстер жана жер бетиндеги тиричилик үчүн анын мааниси чоӊ.