АТЛАХ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:10, 24 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТЛАХ--Талас өрөөнүндөгү орто кылымга таандык ири шаарлардын бири. Талас суусунун боюнда 6‒12-кылымдардагы Тараз шаарына (кийин Ауле-Ата, Жамбыл) жакын жайгашкан. Махмуд Кашгари да Атлахты Тараз шаарынын жанындагы шаар экендигин белгилеп кеткен. Араб географы, тарыхчысы аль-Мукаддасинин жана аль-Истахринин (10-кылым) эмгектериндеги маалыматтарга караганда, шаар тегерете чеп менен курчалып мечит, базарлары бар, жүзүмзарлуу жана бак-шактуу шаар болгон. Археолог А. Н. Бернштамдын пикири боюнча Жоон-Дөбө шаар калдыгы Атлах шаарынын орду болушу мүмкүн. Атлах шаары кытай аскерлери менен араб, карлук күчтөрүнүн ортосундагы 751-жылы салгылашуу болгон жер катары тарыхта белгилүү, кара. Атлах салгылашуусу.

                                                                                                                         С. Өмүрзаков.

'