АТЛАНТРОП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:51, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

(Атлас ‒ Африкадагы тоолуу өлкө жана гр. anthropos ‒ адам) ‒ Африканын түндүгүнөн табылган адам сөөгүнүн аталышы. 1954‒55-ж. Алжирден француз археологдору тарабынан ачылган. А-тун жаак сөөгү өтө чоӊ, ээк сөөгү жок, тиштери чоӊ, төбө сөөгү калыӊ болгон. Сөөктөр менен кошо шелль-ашель дооруна таандык таш куралдар да табылган. Анатомиялык түзүлүшү жагынан А. эӊ байыркы адамдарга ‒ архантропторго окшош, питекантроптордун Түн. Африкадагы түрүнүн өкүлү катарында эсептелет. А-тор болжол менен мындан 360 миӊ жыл мурда жашаган.