АТЛАНТИКА БОЮ ОЙДУҢУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:30, 18 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТЛАНТИКА БОЮ ОЙДУҢУ Түндүк Америкада. АКШнын Атлантика жээгиндеги Нью-Йорктон Флорида жарым аралынын түштүк четине чейин созулуп жатат. Жазылыгы 30дан 350 кмге чейин. Акиташ тегинен жана кумдуктан турат. Жеринин бети жайпак (бийиктиги 100 мге чейин), жээги саздуу. Климаты субтропиктик муссон тибинде, Флориданын түштүгү тропиктик, мырза карагай жана эмен өсөт, саздуу. Пахта, тамеки, жемиш багы өстүрүлөт. Негизги шаарлары: Нью-Йорк, Филадельфия, Балтимор, Вашингтон.