АТЛАНТИКА БОЮ ОЙДУҢУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:05, 20 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 Түн. Америкада. АКШнын Атлантика жээгиндеги Нью-Йорктон Флорида ж. а-нын түш. четине чейин созулуп жатат. Жазылыгы 30дан 350 кмге чейин. Акиташ тегинен ж-а кумдуктан турат. Жеринин бети жайпак (бийикт. 100 мге чейин), жээги саздуу. Климаты субтропиктик муссон тибинде, Флориданын түштүгү тропиктик, мырза карагай ж-а эмен өсөт, саздуу. Пахта, тамеки, жемиш багы өстүрүлөт. Негизги ш.: Нью-Йорк, Филадельфия, Балтимор, Вашингтон.