АТКЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:54, 27 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТКЫ‒ алгыр куштардын ичин тазалоо үчүн пайдаланылган көӊдөй түтүк. Ал жыгачтан же жорунун жото жилигинен жасалат. Алгыр куш семирип кетсе, же салар алдында жем жеп койсо, алгыр куштун оозун ачып туруп, ага Аткынын жардамы менен туздуу суу ичирет. Бир аздан кийин алгыр куштун ичи өтүп, ичи тазаланат.