АТКАРУУ БИЙЛИГИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 24 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТКАРУУ БИЙЛИГИ--мамлекеттик бийликтин бир бутагы. Адам укугунун жана эркиндигинин корголушун, аракеттеги мыйзамдардын аткарылышын, мамлекеттин ички жана тышкы ишмердигин уюштуруп жана багыттап турат. КРдин Конституциясына ылайык Аткаруу бийлигин КРдин Өкмөтү, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, адмминистративдик ведомстволор, Аткаруу бийлигинин башка органдары жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жүргүзөт. Аткаруу бийлигинин формалары ар кайсы өлкөлөрдө ар түрдүүчө. Мисалы, АКШда жана көпчүлүк латын америкалык өлкөлөрдө жогорку Аткаруу бийлиги бир адамдын колуна топтолуп, ал министрлер кабинетиндеги бардык дайындоолорду жүргүзөт жана ага бардык саясий чечимдер үчүн акыркы жана толук жоопкерчилик милдети жүктөлгөн. Швейцарияда Федералдык Кеӊеш Мыйзам чыгаруучу жыйын тарабынан төрт жылдык мөөнөткө шайланган жети мүчөдөн турат. Ал эми Сан-Марино ж. б. бир катар өлкөлөрдө «коллегиалдуу президентчилик» бар. Өтө кеӊири тараган Аткаруу бийлигинин формасы ‒ министрлер кабинети.

                                                                                                    А.Акунов.<br