АТЕРОМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:51, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТЕРОМА (гр. athera ‒ ботко, оmа ‒ шишик) ‒ теридеги май бездердин түтүкчөлөрүнүн бүтөлүшүнөн пайда болгон зыянсыз шишик. Май бездери бет, баш, моюн терилеринде көп. Анын адегенде өлчөмү таруудан да кичине, акырындык менен чоӊоюп, тооктун жумурткасындай өлчөмгө жетет. А. ден соолукка анча зыяны жок, бирок ал чоӊойгон сайын адамдын көркүн бузат же ар кандай жагымсыз жагдайдын таасиринен сезгенип, ириӊдеп, абсцесске айланып кетсе, хирург. жол менен алынат. А-нын пайда болушун алдын алууда терини ар дайым таза кармоо, о. эле чөйрөнүн жагымсыз факторлорунан сактануу керек.