АТЕЙ
АТЕЙ (туулган жылы белгисиз ‒ биздин заманга чейин 339-жыл) ‒ Скиф падышалыгынын падышасы. Страбондун маалыматтары боюнча Атей Дондон Дунайга чейинки аймактардагы варвар урууларын өзүнүн жеке бийлиги астында бириктирген. Боспор падышалыгы менен күрөш жүргүзгөн, Балкан жарым аралындагы фракиялыктардын жарымын баш ийдирген. Өзүнүн тыйынын чектирген. Атей башкарган жылдарда сарматтардын Меотидага (Азов дарыясы) жер которуусу башталган. Филипп II Македонскийдин аскерлеринен жеӊилип, уламыш боюнча 90 жаш курагында курман болгон.