АТЕЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:04, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(т. ж. белгисиз ‒ б. з. ч. 339-ж.) ‒ Скиф падышалыгынын падышасы. Страбондун маалыматтары б-ча А. Дондон Дунайга чейинки аймактардагы варвар урууларын өзүнүн жеке бийлиги астында бириктирген. Боспор падышалыгы м-н күрөш жүргүзгөн, Балкан ж. а-ндагы фракиялыктардын жарымын баш ийдирген. Өзүнүн тыйынын чектирген. А. башкарган жылдарда сарматтардын Меотидага (Азов д.) жер которуусу башталган. Филипп II Македонскийдин аскерлеринен жеӊилип, уламыш б-ча 90 жаш курагында курман болгон.