АТБАРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:47, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТБАРА (арабча Б а х р - э л ь - А с у а д) ‒ Эфиопия менен Судандагы дарыя, Нилдин оӊ куймасы. Узундугу 1120 км. Эфиопия тайпак тоосунан башталып, Судан платосу аркылуу агат. Орточо чыгымы 32 м3/сек (эӊ көп чыгымы 1815 м3/сек). Жылдын көп мезгилинде соолуп калып, Нилге жаанчыл мезгилде (июль–ноябрь) гана жетет. Суусунун курамында 200 мг/л чамасында эриген заттар кездешет. Суусунун ылайлуулугу кумдуу бороондо ого бетер күчөйт. ГЭС курулган. Чатына жакын Атбара шаары жайгашкан.