АТБАРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:36, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АТБАРА (ар. Б а х р - э л ь - А с у а д) ‒ Эфиопия  м-н Судандагы дарыя, Нилдин оӊ куймасы. Уз. 1120 км. Эфиопия тайпак тоосунан башталып, Судан платосу аркылуу агат. Орт. чыгымы 32 м3/сек (эӊ көп чыгымы 1815 м3/сек). Жылдын көп мезгилинде соолуп калып, Нилге жаанчыл мезгилде (июль-ноябрь) гана жетет. Суусунун курамында 200 мг/л чамасында эриген заттар кездешет. Суусунун ылайлуулугу кумдуу бороондо ого бетер күчөйт. ГЭС курулган. Чатына жакын Атбара ш. жайгашкан.