АТАНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:26, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АТАНА ‒ Жалал-Абад обл-нун Аксы р-ндагы кыштак.   Кош-Дөбө айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Кербен ш-нан 18 км түш.-чыгыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 60 км. Деӊиз деӊг. 960 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2618 (2009); негизинен мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, мад-т үйү, оорукана, дарыкана, базар бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.