АТАМКУЛОВА Калемкаш

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:46, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТАМКУЛОВА Калемкаш (12. 3. 1933-жылы туулган, Чүй облусу, Сокулук району, Белек айылы) ‒ театр артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1993). Москва шаарындагы А. В. Луначарский атындагы Театр искусствосу институтун бүтүргөн (1963). А. Куттубаевден таалим алган. 1963‒1993-жылдары М. Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театрында, 1993-жылдан Республикалык жаштар театрында иштеген. К. Атамкулова орус, дүйнөлүк, улуттук спектаклдерде башкы ролдорду ойноп, каармандарынын образын, кулк-мүнөзүн, ички дүйнөсүн жеткиликтүү даражада түзө алган. Аткарган ролдору: Жамал (К. Жантөшев, «Каныбек»), Агафия Тихоновна, Анна Андреевна (Н. В. Гоголь, «Үйлөнүү», «Текшерүүчү»), Эмилия (У. Шекспир, «Отелло»), Эне (Ж. Садыков, «Табалды Пудовкин»), Кадича, Тотой, Көктурсун (Ч. Айтматов, «Кызыл жоолук жалжалым», «Бетме-бет», «Кыямат»), Эне (К. Мамбетакунов, «Үкөй»), Эжеси (С. Раев, «Күн кармаган бала») жана башкалар. Бир нече медалдар менен сыйланган.

Т. Сатаров.

Файл:АТАМКУЛОВА21.png