АТАМА СҮЙЛӨМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:09, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТАМА СҮЙЛӨМ ‒ жөнөкөй сүйлөмдүн бир түрү. Жаратылыштагы ар түрдүү көрүнүштөрдү, кубулуштарды, окуяны, мезгилди, орун-мейкиндикти атап көрсөтөт. Атама сүйлөмдүн структуралык негизин атооч жөндөмөдөгү зат атооч же зат атоочтук сөз айкашы түзөт. Ал сүйлөм мүчөлөрүнө ажырабайт. Дайыма баяндоо интонациясы менен айтылып, сүйлөмдүк белгиге, касиетке жетишет да, көрүнүш, окуя тууралуу кыскача кабар берет (мис., Жай. Таза аба. Жайылган мал).