АТАЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:59, 21 Апрель (Чын куран) 2025 карата imported>Турганбаев Элебай тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТАЛЫК, а т а б е к ‒ мамлекетти башкарууда жашы жете элек жаш ханзаадаларды тарбиялоочу адамга ыйгарылган жогорку мансап. Аталык өзү тарбиялаган ханзаада бийликке келген учурда анын кеӊешчиси катары милдет аткарган. Орто кылымдарда (7‒8-кылымда, кийин 15‒19-кылымда) Түрк, Батыш Түрк кагандыктарында, Кимак-кыпчак, Огуз, Кыргыз мамлекеттеринде, кийин Хива, Бухара, Кокон, Казак хандыктарында Аталык мансабы кеӊири колдонулган. Орто Азия элдеринде Аталык мансапка ээ болгондордун ичинен эӊ белгилүүсү ‒ Алымкул аталык. Кокон хандыгында ордодо Аталык мансабын ээлеген Мусулманкул, Алымкул сыяктуу бир катар кыргыз-кыпчак төбөлдөрү тактынын мурасчысы эрезеге жете электе хандын милдетин да аткарып турушкандыгы белгилүү. Кээде ордодогу таасирин бекемдөө үчүн атайылап бийликке жаш ханзаадаларды коюшуп, өзүлөрүн Аталык деп жарыялоо менен хандык бийликти толук колго алышкан.