АТАЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:03, 24 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТАЛА‒ 1) акшак, ун, талкандан жасалган даам. Акшактан (адырадан) жасалса жарма Атала, ал эми ундан жасалганын жылма Атала, кант кошулганын кече Атала деп аташат. Аталаны мурда көбүнчө жардылар негизги тамак-аш катары колдонушкан; 2) арпа, буудай, сулунун адырасына чары, кебегин кошуп кайнатып даярдалган малдын бардык түрү, өзгөчө жаш төл жана бордолуп жаткан мал үчүн кубаттуу, жагымдуу тоют. Азыркы күндө да көп жерде кышкы төлгө, бордогу малга Атала беришет.